Медик кайсы суусундук диабет менен ракты чакырарын айтты

Диетолог суусунду кандырыш үчүн кадимки таза сууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Таттуу, муздак суусундуктарды көп ичүү ашыкча салмакты гана пайда кылбастан, диабет, рак ооруларын да чакырышы ыктымал. Бул тууралуу диетолог Михаил Гинзбург Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, ысыкта адамдар суюктукту көп ичет. Бул туура. Бирок курамында канты көп суусундуктар ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет.
"Мисалы, дүкөндө тизилип турган лимонаддар өтө таттуу. Анда ароматизатор, боёк жана кумшекер көп. Ошол себептен аны ичүү сунушталбайт. Суюк кумшекер тамакка кошулган кумшекерден да зыян", — деген диетолог.
Таттуу суусундуктар олуттуу оорулардын, ал тургай рактын өрчүшүн да шартташы мүмкүн.
"Курамында канты көп, таттуу суусундуктарды тынбай ичкен адам диабет, атеросклероз, гипертония жана шишиктин айрым түрлөрүн илештирип алышы ыктымал", — деген Гинзбург.
Диетолог суусунду кандырыш үчүн кадимки таза сууну сунуштаган.
Түндө күчөйт. Медиктер ичеги рагынын негизги белгисин аташты