Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон көмөк көрсөтүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу Саида Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор буга чейин Жумгал жана Кадамжайда сынамык негизде сыноодон өткөн.
"Өлкөдө 100 миңден ашуун жумушсуз жаран бар. Анын ичинен 75 миңи расмий каттоодон өткөн. Учурда аз камсыз болгондордун саны 105 миңден ашуун, анын ичинен 49 миңи балдар. Бул абалды жакшыртуу үчүн декабрь-июлдун аралыгында социалдык келишимдин негизинде Кадамжай жана Жумгалда пилоттук долбоор өттү. Ага 100 үй-бүлө катышып, 500 адам ишке тартылды. Тактап айта турган болсок, ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Натыйжада 100 долбоордун ичинен 57 мал чарбачылыгы, калганы тигүүчүлүк, айыл чарба жаатында жана башка ишкерликтерди ачышты. Мамлекеттин саясатында аз камсыз үй-бүлөлөргө активдүү жана пассивдүү көмөктөр көрсөтүлөт. Пассивдүү чара катары жөлөк пул чегерүүнү айтсак, активдүүсү жаңы иш орундарын түзүү болуп саналат. Мына ошол багытта социалдык келишимдин негизинде жетишпей жашаган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү пландалууда. Жогоруда сынамык иретинде өткөрүлгөн долбоорду эми республика боюнча жайылтуу максатын коюп жатабыз. Тийиштүү жобо министрлер кабинетине кол коюу үчүн жөнөтүлгөн", — деди Асанбаева.
Ошондой эле долбоордун алкагында жарандар каржылык сабаттуулук боюнча окутулуп жатканы кошумчаланды.