Келечектеги араб шаары. 170 чакырым узундуктагы имараттын видеосу

Мегаполистин инфраструктурасы шаардын бир четинен экинчи четине автоунаасыз эле 20 мүнөттө жетүүгө мүмкүндүк берет.
Sputnik
Сауд Арабиясы келечектеги The Line мегаполисинин долбоорун жарыялады. Ал эми видеосу Neom YouTub-каналына жайгаштырылган.
Долбоорго ылайык, узундугу 170 чакырым келген көп кабаттуу үйдө 9 миллион адам жашайт. Шаардын аянты 34 чарчы чакырымды түзөт.
"Биз аны дени сак жана туруктуу жашоо сапатын камсыз кылуу үчүн курганы жатабыз. Тургундар күнүмдүк муктаж болгон кызматтарды пайдалануу үчүн беш мүнөт гана жөө басып жетишет. Шаардын бир четинен экинчи четине автоунаасыз 20 мүнөттө жетүүгө болот. Андыктан көмүр кычкыл газы жокко эсе болмокчу", — дешти авторлор.
Шаардын бийиктиги 500 метр, туурасы 200 метр болору пландалууда. Фасады күзгү сыяктуу айнектен жасалат.