БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жагымдуу салыктык климат түзүү максатында "Чакан жана орто ишкердик субъектилерин колдоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине бир катар тапшырмалар берилди.
Өкмөт Жогорку Кеңешке төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун киргизүүсү шарт:
Кассалык чек бербегендерге биринчи укук бузуу үчүн эскертүү жазасын колдонууну, дагы кайталанса айып пулдун өлчөмүн жеке тараптарга 500, юридикалык жактар 5000 сомго төмөндөтүү;
күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдөн, импорттоочулардан, дистрибьюторлордон жана аларды саткан субъектилерден башкалары ККМ же электрондук эсеп-фактураларды колдонгон шартта бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкасын белгилөө:
0,5 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин;
1 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30дан 50,0 миллион сомго чейин.
Сатуудан алынуучу салыктын ставкасын жогорулатууну:
3 пайызга чейин – салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы менен бирдиктүү салык жана патент боюнча иш жүргүзгөн субъектилердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда;
4 пайызга чейин – жеке белгилери көрсөтүлбөгөн субъектилердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда;
Төмөнкүлөрдү ККМ колдонуудан бошотсун:
көчмө соода жүргүзүү жайларын, киоскторду жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүүчүлүк продукциялары, айыл чарба продукциялары, нан азыктары, улуттук жана сергитүүчү суусундуктар менен көчөдө соода жүргүзгөн жеке жактарды;
окуу жайларында жайгашкан ашканаларды жана буфеттерди.
Жарлыктын толук тексти менен президенттин сайтынан тааныша аласыздар.