БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Россиянын башкы прокурорлорунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, Курманкул Зулушев менен Игорь Краснов кибер кылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде терроризмге, диний экстремизмге, коррупцияга, мыйзамсыз миграцияга жана адам сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүү тууралуу сүйлөштү.
Зулушев россиялык кесиптешине РФте иштеп жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда берген жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары ортосунда 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлду.
Андан соң Игорь Красновду президент Садыр Жапаров кабыл алды. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык кызматташтык өнүгүп жатканына токтолду.
Өз кезегинде Россиянын башкы прокурору Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.
"Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн мамлекеттери трансулуттук мүнөздөгү жалпы чакырыктарга жана коркунучтарга дуушар болууда. Бул экстремизм, терроризм, мыйзамсыз миграция агымдары, ошондой эле мыйзамсыз курал-жарак жана баңги сатуу. Бул нерселерге биргеликте каршы турушубуз керек", — деди Краснов.
Ошондой эле эки өлкөнүн мамилеси позитивдүү өңүттө өнүгүп жатканын кошумчалады.