Ош шаарында Калашников автоматын мыйзамсыз алып жүргөн киши кармалды. Видео

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Ош шаарында Калашников автоматын мыйзамсыз сактап жүргөн адам кармалганын кабарлады.
Sputnik
Ал ИИМдин 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого бөгөт коюу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунааны тинтүү учурунда багажынан Калашников автоматы сегиз огу менен табылган.
Мыйзамсыз сакталган курал Ош облусунун Өзгөн районунун Х.А. аттуу 41 жаштагы тургунуна таандык экени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") менен кылмыш иши козголгон. Кармалган киши Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сарайдан уурдаган. Чүйдө базарда мылтык сатып жаткан киши кармалды