Кыргызстандын Өкмөт үйүнүн фасады жаңыртылып жатат. Сүрөт

Кыргызстандын Өкмөт үйүнүн фасады жаңыртылуу иштери
Аткаруу бийлигинин имараты тарыхый эстелик катары эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкекте Өкмөт үйүнүн фасады жаңыртылып жатат.
Учурда иш имараттын батыш тарабында жүрүп жатат.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул пландык ремонт экенин айтып, өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери оңдоо иштери аткарылбаганын белгиледи.
"Имарат тарыхый эстеликтердин реестрине киргендиктен реконструкциялоо долбоору Маданият министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты", — деди ал.
Анткен менен кээ бир активисттер объект акырындык менен "элиткага" айланып бара жатканын жазышууда.
Бишкекте жөө жүргөндөрдүн жаңы аймагын эскизи
Бишкекте жөө жүргөндөрдүн жаңы аймагы пайда болот. Эскиздер