Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР: ок жаап турган поселоктон тартылган видео

Бул жердеги элди Украиналык согушкерлерден болгону 800 метр аралык бөлүп турарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. РИА Новостинин кабарчылары Донецк Эл Республикасындагы ок жаап турган Гольмовский поселогунда болуп, жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшүп кайтты.
Ал жерден тартылган видео РИА Новостинин Telegram каналына жарыяланды.
Бул жердеги элди Украиналык согушкерлерден болгону 800 метр аралык бөлүп турат. Поселок ДЭРдеги эл жашаган ири пунктудан 16 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Видеодон аймакка түшүп жерге сайылып калган снаряддарды, анын тийген жерлерин урандыга айлантканын көрүүгө болот.
Аталган поселоктун жашоочусу Украина тараптан улам ок жаап турарын, алардын көбү жергиликтүүлөрдү зыянга учуратып жаткандыгын айткан.
Эске салсак, бир нече күн мурда удаасы менен атылган сегиз украин снаряды аймакты оңбогондой талкалап, анын кесепетинен бир аял жарадар болгонун РИА Новости жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бул жердегилер тирүүлөй күйүп кетти. Мариуполдогу тогуз кабат үйдөгү окуя