Мектеп директорлорун тандоо 11-августта Баткенден башталат. Облустардын графиги

Мектеп жетекчилерин тандоо августтун аягына чейин болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы мектеп директорлорун тандоо 11-августта Баткен облусунан баштала турганын кабарлады.
Министрлик жети облустун да графигин жарыялады.

Баткен

Тандоо 11-12-августта Баткен мамлекеттик университетинде болуп, үч нөөмөт менен өтөт. Талапкерлерди каттоо саат 7:30да башталат. Бош орундардын саны — 98.

Жалал-Абад

Мектеп директорлорун тандоо 11-13-августта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунда, үч нөөмөт менен өтөт. Бош орундардын саны – 158.

Чүй

Чүйдө мектеп директорлору 19-20-августта Кыргыз улуттук университетинде үч нөөмөт менен тандалат. Бош орундардын саны – 146.

Талас

22-августта Талас мамлекеттик университетинин башкы корпусунда мектеп директорлору тандалат. Талапкерлерди тандоо эки нөөмөттө өтөт. Бош орундардын саны – 45.

Нарын

Нарында тандоо 24-августта башталып, Нарын мамлекеттик университетинде эки нөөмөттө өтөт. Бош орундардын саны – 35.

Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн мектеп жетекчилери үчүн тандоо 21-22-августта Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болот. Ал жакта да үч нөөмөт менен өтөт. Бош орундардын саны – 85.
Азырынча Ош облусунун графиги жарыялана элек.
Бейшеналиев жакшы иштеген директорлор сынактан өтпөсө кандай кызмат берерин айтты