Медведев Украинанын аймактары башка өлкөлөргө өтүп кеткен картаны көрсөттү

Медведев эки сүрөттү жарыялап комментарий берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев Украинанын аймактары башка мамлекеттерге өтүп кеткенин айгинелеген Европанын картасын көрсөттү.
Анын айтымында, Батыштын аналитиктери так ушундай келечекти божомолдоп жатышат. Карта анын Telegram-каналына (экинчи сүрөт) жарыяланды.
Картада Украинанын аймагы катары Киев облусу гана көрсөтүлгөн. Калгандары Россияга, Польшага, Румынияга жана Венгрияга карап калган.
"Психотроптук каражаттардан мээси жабыркап калган Украина президенти өлкөнүн жаркын келечегин ушундай элестетет", — деген Медведев биринчи сүрөткө комментарий берип жатып. Анда Украинанын 2014-жылга чейинки картасы көрсөтүлгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон облусунда Украина мамлекет катары жоголгону айтылды