Аламүдүн районунда 18 жаштагы кыз каналга агып, каза болуп калды

Кызды тогуз куткаруучу издеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы агымы катуу каналга 18 жаштагы кыз агып кетип, каза болуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык кечээ, 27-июлда, болуп, маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине тогуз куткаруучу барып издеп, 18:30да кыздын сөөгүн каналдан таап, милицияга өткөрүп берген.
Сууга чөгө баштаган адамдын эсинде эки нерсе болушу керек. Адистин кеңеши