Оюн паркында атасынын көзүнчө мушташкан балдар. Эркекке кылмыш иши козголгон жок

Райондук милиция административдик иш боюнча материалдарды сотко жөнөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ленин райондук милициясы мушташкан балдарды ажыраткан оюн борборунун кызматкерине кол көтөрдү делген адамга кылмыш ишин козгогон жок.
Райондук милицияга кыздан "видеодогу эркек орой сөздөрдү айтып, денеме залал келтирди" деген арыз түшкөн. Ал киши полиция бөлүмүнө жеткирилген, бирок милиция кылмыштын курамы жок деген бүтүмгө келди.
Ошого карабастан, РИИБ административдик иш боюнча материалдарды сотко жөнөттү. Башкача айтканда, ал адам административдик жазага гана тартылат. Бул айып пул, коомдук жумуштар же бир нече күнгө камакка алуу болушу мүмкүн. Райондук сот жакынкы күндөрү чечим чыгарышы керек.
Буга чейин интернетте Бишкектеги балдардын оюн-зоок борборлорунун биринде болгон окуянын видеосу тараган. Кадрдан көрүнүп тургандай, бир нече бала мушташа кетет. Бирок алардын жанына келген чоң киши жаңжалды токтотпой, тескерисинче, жекеме-жеке мушташууга мажбурлаган. Анан ал балдарга арачы болгон кызга дагы атырылган.
Оюн аянтчасында кызга атырылган эркек өз версиясын айтып берди