Пресс-борбор

Эксперт билимдүү деп саналуу үчүн кайсы тилдерди билүү керектигин айтты

Эксперт учурда компьютердин тилин билүү да маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда билимдүү адам деп таанылуу үчүн төрт тилди билиши керек. Мындай пикирин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин прикладдык информатика кафедрасынын башчысы Болотбек Бийбосунов билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда жогорку билим жана илимди реформалоого арналган брифингге катышты.
"Заманбап студент төрт тилди билиши керек. Эне тилин, кийин орусча — бул улуттар аралык сүйлөшүүдөгү тарыхый тил, үчүнчүсү — чет тилдери: англис, француз, кытай жана башкалар. Төртүнчүсү компьютердин тили. Эгер ушул төрт тилди өздөштүрсөң, сен заманбап жана билимдүү адам болосуң, билбесең билимдүү эмессиң", — деди Бийбосунов.
Кафедра башчысы көптөн бери эле бул тууралуу өзүнүн студент, аспирант жана илимий ишмерлерине айтып келгенин белгиледи.
Дипломдук иштер англис тилинде жазылсын. Илим кеңешинин сунушу