УБ: эми банктар которулган акчаны таблодогу курс менен бериши керек

Буга чейин банктардын акча которуулар боюнча курсу таблодо көрсөтүлгөн курстан төмөн болуп жатат деген нааразычылыктар болуп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Улуттук банк акча которуу системалары боюнча эрежелерге өзгөртүү киргизди, ал валюта алмаштырууга тиешелүү.
Улуттук банктын маалымат кызматы түшүндүргөнүнө караганда, которулган акча кардарга накталай түрүндө жиберилген өлкөнүн валютасында берилет. Ал эми сом менен алууну каалагандар болсо, маалымат таблосунда көрсөтүлгөн баада сомго конвертацияланат.
"Бул талап банктык эсепке, банктык төлөм картасына же банк тарабынан чыгарылган электрондук капчыкка чегерилген акча которууга да тиешелүү. Башкача айтканда, которуу, кандай болгон күндө да, накталай акча үчүн белгиленген курс боюнча берилиши же чегерилиши керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындай чечим учурдагы кырдаалга байланыштуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынганы кошумчаланды.
Буга чейин банктардын акча которуулар боюнча курсу таблодо көрсөтүлгөн курстан төмөн болуп жатат деген нааразычылыктар болуп келген.
Криптовалютага инвестиция салуу тобокелдиги. Улуттук банктын түшүндүрмөсү