Нөшөрлүү жаандан сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү

Дем алыш күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 29-31-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Билдирмеге караганда, дем алыш күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаашы күтүлүүдө. Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал.
"Ысык-Көл облусунун дарыяларына жакын жайгашкан аймактардын жээктерин, жайылма участокторду суу капташы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Ордо калаада 30-31-июлда өткүн өтүшү ыктымал.
Катуу ысыкта жумуш күнүн кантип кыскартса болот? Адистин кеңеши