Анголада дүйнөдөгү эң чоң күлгүн түстөгү алмаз ташы табылды. Видео

Анголадагы Луло кен казган жайынан австралиялык жумушчулар күлгүн түстөгү эң чоң алмаз таап алышты. Бул баалуу таш эл аралык аукционго коюлат.
Sputnik
The Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, 170 карат болгон ташты "Роза Луло" деп атап коюшкан. Алмаздын чыныгы салмагы кесип, жылмаланган соң билинет. Анда таш 50 пайызга чейин кичирейип кетиши ыктымал.
"Бул баалуу таш дүйнөдө акыркы 300 жылда табылган эң чоң күлгүн алмаз болуп саналат", — деген Австралиядагы Lucapa Diamond Company компаниясынын өкүлү.
Басылманын билдиргени боюнча, Ангола алмаз өндүрүү боюнча Африкада Ботсванадан кийин экинчи орунда турат. Ири көлөмдөгү күлгүн түстөгү алмаз ташы сейрек кездешет.