Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкиде өмүрүн согуш жалмап кеткен балдарды эскеришти. Видео

Буга чейин 27-июль — Донбасс согушунун курмандыгына айланган балдарды эскерүү күнү деп жарыяланган.
Sputnik
Донецк Эл Республикасынын жашоочулары Донбасста, согушта көз жумган 130 баланы эскеришти. Бул тууралуу видеону РИА Новости өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Кадрдан Донецкинин борборундагы "Пушкинский" бизнес-ордосунда жиберилген нурлар менен согушта чымчык болуп учуп кеткен 130 баланын аты-жөнү жазылып өтүп турганын көрүүгө болот.
Буга чейин Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин 27-июлду Донбасс согушунун курмандыгына айланган балдарды эскерүү күнү деп жарыялап, тиешелүү жарлыкка кол койгон.
Тема боюнча:
Донбасста каза болгон балдар. Москвада АКШ элчилигинин имаратында видео көрсөтүлдү