Дипломдук иштер англис тилинде жазылсын. Илим кеңешинин сунушу

Бул эреже бардык адистиктерге тиешелүү эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. ЖОЖдордо айрым предметтерди англис тилинде окутуп, кээ бир учурларда диссертацияларды дагы чет тилде жазып, коргоо сунушталууда. Бул тууралуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы Батыркул Баетов билдирди.
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы Батыркул Баетов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн жогорку окуу жайлар жана илимди реформалоо боюнча брифингге катышты.
Баетов илим тармагын реформалоо боюнча төмөнкүдөй пикирлерин айтты:
илим тармагындагы мамлекеттик саясат бир ведомствонун – Билим берүү жана илим министрлигинин колуна топтолушу керек. Тактап айтканда, Улуттук аттестациялык комиссия (азыр президенттин алдындагы) жана Кыргызпатент анын карамагына өткөрүлсүн;
Улуттук илимдер академиясынын структурасында 20 илимий институт бар. Ал фундаменталдык багыттар боюнча илимий-изилдөө институттарын профилдери боюнча ири университеттерге, ал эми прикладдык илимий институттарды тармактык мамлекеттик органдарга берүүнү сунуштайбыз. Ошентип, илимий-изилдөө институттары пайдалуу сыноодон өтөт. Эгерде кереги жок экени аныкталса, жоюп салуу керек.
Андан кийин университеттер үчүн үч пунктуну бөлүп көрсөттү. Тагыраагы, бардык ЖОЖдорго лицензиялык талаптарды күчөтүү, мыкты адистерди даярдоо, ошондой эле жогорку окуу жайларын чоңойтуу керек (тиешелүү токтом бар).
"Биз илим татыктуу кадрларды, ал эми мамлекет жакшы адистерди алышын каалайбыз. Жогорку окуу жайдагы билим алуунун баштапкы жылдары (1-2-жыл) биз англис тилин жана IT-технологияларды окутууга өзгөчө басым жасашыбыз керек. Экинчи жарымында атайын дисциплиналар дагы англис тилинде жүргүзүлүп, дипломдук иштер ушул тилде жакталса болмок", — деди Баетов.
Ал бул сунуш кыргызстандык адистердин атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, ааламдашуу шартында башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен иштешүүгө шарт түзөт деп эсептейт.
Баетов тактоочу суроолорго жооп берип жатып, англис тилин тереңдетип үйрөнүү сунушу анын гана эмес, кеңештин мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнүн пикири экенин айтты.
Ошондой эле бул жерде кеп бардык адистиктер жөнүндө эмес экенин кошумчалады.
Мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыяланды. Талаптары