COVID күчөгөнүнө байланыштуу Бишкекте Тез жардам кызматы ишке кирди. Номери

Ыкчам байланыш номерине саат 09:00дөн 18:00гө чейин чалса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Бишкек шаары боюнча Тез жардам кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Алар COVID-19дун белгилери бар адамдарга жардам берет. Чакыруу боюнча барып алгачкы текшерүү, оксигенотерапия (кислород менен дем алдыруу) кызматтарын көрсөтүп, муктаждык жаралса ооруканага жаткырат.
Бейтаптар суроо жаралса саат 09:00дөн 18:00гө чейин 0 703 307 307 номерине чалса болот.
Бишкек коронавирус боюнча сары зонага өттү