Бишкекте кырсыктаган бус жүргүнчүлөрү менен кошо оодарылып кетти. Сүрөт, видео

Маршрутка Volkswagen Passat менен кагышкан. Кырсыктан жабыркагандар бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында эртең менен Юнусалиев менен Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрү бар маршрутка жеңил автоунаа менен кагышып, оодарылып кетти.
Маалыматта №105 маршруткада бараткандардын ичинен төрт кишинин жаракат алганы айтылды. Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, микроавтобус чыгышты көздөй баратып, жолдун кесилишинде Volkswagen Passat менен кагышкан.
Автоунаа чачырап кеткен. Үч адамдын өмүрүн алган Оштогу жол кырсыктын видеосу