Бишкектеги Элебаев көчөсү ачылды

Аталган көчө "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында реконструкцияланган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкекте Элебаев көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкекте Элебаев көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Билдирмеге караганда, Элебаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында реконструкцияланган

Билдирмеге караганда, Элебаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында реконструкцияланган.
"Жолдун узундугу 350 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы тогуз метрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден 2 метрге чейин тротуарлар төшөлүп, ирригация салынды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган көчө оңдоо иштери үчүн туура бир жыл мурда жабылган.
Кыргызстандын Өкмөт үйүнүн фасады жаңыртылып жатат. Сүрөт