Бишкекте транспортторду каттаган борбор иштей баштады. Сүрөт

Жаңы автоборбор Элебаев көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкекте "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүндөгү бөлүмүнүн базасында транспортторду каттоого алган жаңы борбор иштей баштады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкекте "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүндөгү бөлүмүнүн базасында транспортторду каттоого алган жаңы борбор иштей баштады

2 / 4

Жаңы автоборбор Элебаев көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан

3 / 4

Жаңы борборду ачуу аземинде "Унаа" мекемесинин жетекчиси Рустам Жокоев сөз сүйлөп, жакын арада шаардын батыш тарабында транспортторду каттаган ушундай эле үчүнчү борборду ачуу пландалып жатканын белгилеген

4 / 4

Жаңы ачылган борбордо банктардын кассалары, төлөм үчүн терминалдар коюлган. Автоунаа токтотуучу жай 200 орунга ылайыкташкан.

Билдирмеге караганда, жаңы автоборбор Элебаев көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан.
"Борбор "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштейт. Анда жашаган жерине карабай каалоочулардын бардыгы автоунаасын каттай алат", — деп жазылат маалыматта.
Жаңы борборду ачуу аземинде "Унаа" мекемесинин жетекчиси Рустам Жокоев сөз сүйлөп, жакын арада шаардын батыш тарабында транспортторду каттаган ушундай эле үчүнчү борборду ачуу пландалып жатканын белгилеген.
Жаңы ачылган борбордо банктардын кассалары, төлөм үчүн терминалдар коюлган. Автоунаа токтотуучу жай 200 орунга ылайыкташкан.
Коркпой автоунаа айдаш үчүн эмне кылуу керек? Автоэксперттин кеңеши