Актриса Баян Есентаеванын мурдагы күйөөсү мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Бахытбек Есентаев абактан жабырлануучунун макулдугу менен бошотулган. Сот аны тогуз жылга эркинен ажыраткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Казакстандык актриса Баян Есентаеванын (азыр фамилиясы Алагузова) мурдагы күйөөсү Бахытбек Есентаев абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазды.
Аны абактан бошотууга жабырлануучу макулдугун бергени айтылат.
2016-жылы июнда продюсер, актриса жана теле алып баруучу Баян Есентаева сабалып, бычак жеп ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү Бахытбек Есентаев камакка алынган. Жабырлануучу аны эркинен ажыратпай эле жазага тартууну суранган, бирок айыпталуучу тогуз жылга кесилген. Баян Есентаева андан кийин ишкер Турсенгали Алагузовго турмушка чыккан.
Бетине, төшүнө бычак урган. Мурдагы аялына кол салган казакстандык кармалды