Конгантиевдин уулу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду

Бүгүн жаңы жетекчини эмгек жамаатка финансы министри Алмаз Бакетаев тааныштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Мурдагы ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиев Финансы министрлигинин алдындагы Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн жаңы жетекчини эмгек жамаатка финансы министри Алмаз Бакетаев тааныштырган.
Автандил Конгантиев бажы тармагында 2005-жылдан бери иштеп келет. Буга чейин Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келе жаткан. Полковник наамы бар. Молдомуса Конгантиев быйыл 12-февралда көз жумган. Аны акыркы сапарга узатууга министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, ЖК төрагасы Талант Мамытов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер, ИИМ кызматкерлери, коомчулук катышкан.
Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын биринчи орун басарынын милдетин аткарат