Себеби көп. Жогорку соттун башчысы Тоң районунун судьясын иштен кетиргиси келүүдө

Сунуштамада Каримбеков Тогуз-Торо районунун, кийин Тоң райондук сотунун төрагасы болуп турганда Судьянын ар-намыс кодексин, эмгек мыйзамдарын бузуп, судьянын милдеттерин абийирсиз аткарганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жогорку соттун төрагасы Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбековдун аракеттери боюнча Судьялар кеңешине сунуш жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, сөз аны мөөнөтүнөн мурда иштен бошотуу боюнча болуп жатат.
"Сунуштамада Каримбеков Тогуз-Торо районунун, кийин Тоң райондук сотунун төрагасы болуп турганда Судьянын ар-намыс кодексин, эмгек мыйзамдарын бузуп, судьянын милдеттерин абийирсиз аткарганы көрсөтүлөт. Ошондой эле сот актыларын ишке катышуучу тараптарга өз убагында жеткирбөө, иштерди өз убагында кароо жана соттун кароосуна берүү боюнча чараларды көрбөө, кызматкерлердин ишине толук көзөмөлдүн жоктугу, мас абалында ишке чыгуу боюнча доомат коюлууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Жогорку соттун төрагасы Базарбеков буга чейин жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоо алардын иштеген жерин алмаштыруу гана эмес, сот системасын компетентсиз судьялардан жана өздөрүнүн иш-аракети, жүрүм-туруму менен сот бийлигинин беделине доо кетирген судьялардан тазалоо экенин билдирген. Соттордун ротациясынын аркасында процессуалдык мыйзам бузуу фактылары жаап-жашырылбайт.
Жергиликтүү сотторго 15 судья дайындалды. Тизме