БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Нарында жасалган узундугу 130 метрден ашкан шырдакты Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү үчүн билдирме жөнөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, узун шырдакты бир нече ай бою "Алтын кол — Нарын" кол өнөрчүлөр коомдук бирикмесинин 70 уз, чебери жасаган. Ал Соң-Көлдө өткөн "Нарындагы эң узун шырдак" фестивалында көрсөтүлгөн.
"Аны дүйнөдөгү эң узун шырдак катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү үчүн билдирме жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулган.
Белгилей кетсек, шырдак ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизилген.