ДЭР башчысы: Украинадагы Россия шаарларын бошотууга убакыт келди

24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо үчүн атайын операция жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин Россиянын Украинадагы шаарларын бошотууга убакыт келгенин айтты.
"Бүгүн Россиянын эли түптөгөн шаарларды дагы бир жолу бошотууга мезгил келди. Алар: Киев, Чернигов, Полтава, Одесса, Днепропетровск, Харьков, Запорожье, Луцк шарлары", — деди ал өзүнүн Telegram каналында.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо үчүн атайын операция жүргүзүп келет. Атайын операциянын жүрүшүндө Россия аскерлери Херсон жана Запорожье облустарынын Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Эки аймакта тең жаңы администрациялар түзүлүп, россиялык телеканалдар, радиолор эфирге чыгып, Крым менен соода алакалары калыбына келүүдө. Аймактар Россиянын составына кирүү планын жарыялашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье облусунда референдум качан өтөрү божомолдонду