Сокулукта автоунаа оңдогон жайда эки спринтер өрттөнүп кетти. Сүрөт

Такталган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Өрттүн эмнеден чыкканын тактап жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Сокулукта автоунаа оңдогон жайда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки спринтер күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Сокулукта автоунаа оңдогон жайда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки спринтер күйүп кетти

2 / 2

Билдирмеге караганда, автоунаа оңдоочу жайдын 80 чарчы метр жери, ичиндеги шаймандары да өрттөнгөн

Билдирмеге караганда, автоунаа оңдоочу жайдын 80 чарчы метр жери, ичиндеги шаймандары да өрттөнгөн.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин бир бөлүмү барган, өрт саат 19:49да чектөөгө алынып, саат 20:39да толук өчүрүлгөн. Такталган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Өрттүн эмнеден чыкканын тактап жатышат.
Ысык-Көлдө кемедеги өрттү өчүрүп, жээкке сүйрөтүп келишти