Россияда Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
"Акыйкатчы боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүү сунушталууда. Анда чет өлкөлөрдө мигранттар менен иштешүү үчүн Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүн ачуу каралат. Албетте, ал жарандардын санына жараша ачылат, демек, Россиядагы жарандарыбызга багытталган демилге. Жакында эле РФтин омбудсмени Татьяна Москалькова менен жолукканда бул демилге боюнча сүйлөштүк. Ал колдоого ала турганын билдирип, буга муктаждык бар экенин белгиледи. Албетте, чет өлкөдө Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүн ачуу бюджетке, анан ошол өлкөнүн макулдук беришине байланыштуу. Каражатын мамлекет менен бирге табууга аракет кылабыз. Ал эми Россия биздин стратегиялык өнөктөш болгонуна байланыштуу макулдугун берет деген үмүттөбүз", — деди Абдрахматова.
Ошондой эле ал бу маселе боюнча тийиштүү маалыматтар Россия тарапка жөнөтүлгөнүн кошумчалады.