Бишкек менен Чолпон-Атада "Оймо" фестивалы өтөт. Программасы

Белгилей кетсек, "Оймо" фестивалы Кыргызстанда 16-жолу өткөрүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында кол өнөрчүлөрдүн эл аралык "Оймо" фестивалы өтө турганын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Иш-чара Бишкекте 28-июлдан 31-июлга чейин Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүндө өтөт. Ал эми Чолпон-Атада 2-7-августта "Рух-Ордо" комплексине бурула турган жерге жакын жайгашкан сейил бакта уюштурулат.
Фестивалдын программасы:
креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча илимий конференция;
жаштардын эмгектерин көрсөтүү;
жаш ишкерлердин презентациялары;
Кыргызстан жана Борбор Азия мамлекеттеринин кол өнөрчүлөрүнүн катышуусу менен жарманке;
кол өнөрчүлөрдүн балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстары;
куурчактар көргөзмөсү.
Белгилей кетсек, "Оймо" фестивалы Кыргызстанда 16-жолу өткөрүлүп жатат.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, CACSARC-kg борбору, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши, "Кыял" улуттук бирикмеси, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларынын мэриялары, ЮНЕСКО, Кыргызпатент, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92 кесиптик лицей, Креативдүү индустрия ассоциациясы, Кыргызстандын куурчак менен алектенген уюму.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Оймо" эл аралык фестивалынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.
Өзгөчө образ, ай чырайлуу сулуулар. Дүйнөлүк көчмөндөр модасынан 16 сүрөт