Мамлекеттик кызматта иштеген жаштардын жана улгайгандардын саны

Статистикалык маалымат 2021-жылдын декабрына карата берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген жаштардын саны 10 пайыздын тегерегинде. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.
Маалыматка ылайык, узаган жылдын декабрына карата 14 597 адам мамлекеттик кызматта иштейт. Анын ичинен 28 жашка чейинки кызматкерлердин саны 1 604тү (11 пайызын) түзөт. Ал эми 65 жаштан жогоркулар 196 адам (1,3 пайыз).
Муниципалдык кызматта 8 209 киши иштейт, анын ичинен 28 жашка чейинкилер — 683 (8,4 пайыз). 65 жаштаган жогорку адамдардын саны 254кө (3,1 пайыз) жетет.
Президенттин жарлыгынан кийин 2000 мамлекеттик кызматкер жумуштан кетти