Былтыр өлкө экономикасы соңку 5 жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Коронавирус пандемиясы учурунда дүйнөнүн башка мамлекеттериндей эле Кыргызстандын экономикасы дагы бир топ төмөндөп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстандын экономикасы акыркы беш жылдын ичиндеги рентабелдүүлүктүн эң жогорку деңгээлине жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Бул COVID-19 пандемиясынан кийинки кырдаалды турукташтыруу менен шартталды.
Жыл ичинде экономиканын реалдуу секторунда 22 миңге жакын компания иш алып барып, 94 миллиард сом пайда алды. Бул мурдагы жылдын көлөмүнөн дээрлик тогуз эсеге көп экени айтылды.
"Республиканын ишканалары дүң кирешенин ар бир сомунан орто эсеп менен 15 тыйындан пайда көрүштү", — деп айтылат билдирүүдө.
2021-жылы финансылык ортомчулук уюмдар, соода, балык өстүрүү, маалымат жана байланыш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү ишканалары, кыймылсыз мүлк операциялары чөйрөсү рентабелдүүлүгүнүн эң жогорку (20 пайыздан жогору) деңгээлине жетишти.
Экономика министрлиги жыл соңуна чейин 14 миң иш ордун түзүүнү пландап жатат