Кумтөр иши: түркиялык 3 компания Кыргызстандан акча доолап сотко кайрылды

Centerra кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн Стокгольм, Нью-Йорк жана Канада сотторуна даттанган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кумтөр иши боюнча талаштын алкагында түркиялык үч компания Кыргызстандан акча доолап эл аралык сотко кайрылды. Бул туурасында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Анын айтымында, учурда Стокгольм соту толугу менен токтоп турат, Нью-Йорк менен Канадада ушул жумада процесттер болот.
"Centerra Gold Inc. компаниясы менен талашта көйгөйлүү маселелер пайда болуп калды. Эки-үч түрк компаниясы дагы ишке кошулуп кетти. Алар Нью-Йорк жана Канада сотторуна Кыргызстандан акча алабыз деп кагаздарын тапшырышты. Эми биз ал иш боюнча дагы иштеп жатабыз. Үч сотто тең Centerra компаниясынын доосу бар. Анысы аз келгенсип эми түркиялык ишканалар дагы кошулду. Булар Centerra ишканасынын карамагындагы эмес башка компаниялар", — деди Баетов.
Ошондой эле ал аталган доо боюнча маалымат жаңы эле келип түшкөнүн, бирок аны менен макул эместигин айтты. Башкы юрист Кыргызстан менен "Кыргыз алтын" эки башка субъект болгондуктан түрк компанияларынын аралашканын туура эмес деп эсептейт.
Министр соттук иштердин кызыкчылыгы үчүн бул иш боюнча толук маалымат берүүдөн карманды.
Юстиция министри Баетов: саясатчылардын айынан сотто "РусГидрого" утулдук