Кыргызстандын атынан 48 спортчу "Азия балдары" оюндарына катышат. Сүрөт

Былтыр пандемиядан улам мелдеш жылдырылган. Быйыл 12 мамлекеттен 1 355 спортчу катыша турганы маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жаш спортчулар VII "Азия балдары" эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Оюн 27-июлдан 8-августка чейин Россиянын Владивосток шаарында болот. Улуттук курама командага жалпы 70 киши киргизилип, оюн өтчү жакка жөнөп кетишкен.
"Анын ичинен 48 атлет спорттун тогуз түрү: самбо, көркөм гимнастика, баскетбол 3x3, кум үстүндө ойноло турчу волейбол, кичи футбол, жаа атуу, ок атуу жана тхэквондо боюнча күч сынашмакчы", — деп жазылган маалыматта.
"Азия балдары" оюндары 1996-жылдан тарта төрт жылда бир өткөрүлүп келет. Ага 16 жашка чейинки спортчулар катыша алат.
Былтыр пандемиядан улам мелдеш жылдырылган. Быйыл 12 мамлекеттен 1 355 спортчу катыша турганы маалым болгон.
Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында бир алтын, бир коло медаль тагынды