Кытайдын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстанда ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңеши өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайдын ТИМ башчысы Ван И расмий сапар менен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга келет. Бул тууралуу Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь билдирди.
Анын айтымында, Ван И 28-29-июнь күндөрү Өзбекстанда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышат.
"Бул аралыкта Ван И Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин чакыруусу менен аталган үч мамлекетке расмий сапар менен бара кетет", — деген Лицзянь.
Кытай кайсы учурда объектилерди алып коюшу мүмкүн? Финансы министрлигинин жообу