Колунда бар адамдар үчүн электр энергиясына чексиз тарифи киргизилет. Баасы

Бул тарифти каалаган жарандар пайдаланса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы күндөрү колунда бар адамдар үчүн электр энергиясын чексиз колдонууга өзүнчө тариф киргизилет. Бул туурасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул тарифке өтүүгө эч ким мажбурлабайт, каалагандар өздөрү кошуп алса болот. Анын баасы 5,4 сом болмокчу.
"Эки-үч күндүн ичинде Акылбек Үсөнбекович документке кол койсо эле бул тариф киргизилет. Бул мажбурлоо эмес, каалаган адам "үйүмө 10 киловатт жетпей жатат, 20 киловатт кылып кошуп бергиле, көмүр сатып албай электр энергиясы менен жылытам" десе 5,4 сомдон төлөп пайдалана берсин", — деди Бекмурзаев.
Жапаров: Кыргызстан Кытайга электр кубатын сатууга ниеттенип жатат