Кулубаев: ЕБ жана АКШ менен кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калды

ТИМ башчы ЕБ менен макулдашуу боюнча төрт жылдан бери иш жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстан Евробиримдик жана АКШ менен жаңы кызматташтыкты түзүүгө кызыкдар. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Ал Европа биримдиги менен макулдашуу боюнча төрт жылдан бери иш жүрүп жатканын белгиледи.
"Сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калды. Евробиримдик макулдашуу тууралуу маалыматты уюмга мүчө болгон 27 өлкөгө жөнөткөн. Келишимди жыл соңуна чейин даярдап бүтөбүз. Анан документке кол коюу убактысын аныктайбыз. Биз бул кызматташтыкка кызыкдарбыз, Казакстан менен Өзбекстандын ЕБ менен макулдашуусу бар. Ал жагынан караганда биз артта калып жатабыз", — деди Кулубаев.
Ошону менен катар министр АКШ менен да кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, кээ бир бөлүктөрү гана калганын билдирди. Кулубаевдин айтымында, Кыргызстан дагы, АКШ дагы бул макулдашуунун түзүлүшүнө кызыкдар.
Садыр Жапаровдун күздө араб өлкөлөрүнө иш сапар менен барары айтылды