Өкмөт Alibaba компаниясынын филиалын Кыргызстанга ачууну сунуштады

Комиссиянын жыйынына кыргыз тараптан Адылбек Касымалиев катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анда өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев инфраструктуралык жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурган. Ал экономикалык өсүштү, интернет-коммерцияны стимулдаштыруу жана өз ара сооданы жогорулатуу максатында Alibaba Group компаниясынын филиалын Кыргызстанда ачууну сунуштаган.
Өз кезегинде Кытайдын коммерция министринин орун басары Ван Шоувэнь эки өлкө ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун динамикасына оң баа бергени айтылды.
Ал инновация, жашыл экономика жана гидроэнергетика, тоо-кен жана мунай иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо, инвестиция жана аймактар аралык байланыш жаатындагы эки тараптуу кызматташууга өзгөчө көңүл бурууну сунуштаган.
Ошондой эле ал кытай тарап Кыргызстандын продукциясын (анын ичинде айыл чарба азыктарын) Кытайга экспорттоону көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи.
Кытай Кыргызстанга жардам катары 50 млн. юанга аскердик техника берет