Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон облусунун бийлиги референдум сөзсүз болорун айтты

Азырынча референдумдун качан болору белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Херсон облусунда референдум сөзсүз болот, анда Россияга кошулуу маселеси көтөрүлөт. Бул тууралуу аталган аймактын админстрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов РИА Новостиге билдирген.
"Референдум сөзсүз өтөт жана аны уюштурууга эч ким тоскоол боло албайт. Референдумда Россиянын курамына кирүү маселеси көтөрүлөт. Азырынча качан болору белгисиз, убактысы боюнча чечим кабыл алына элек", — деди Стремоусов.
Админстрация башчысынын орун басары бошотулган Херсон жана Запорожье облустарында референдумду бир убакта өткөрүү туура болмоктугун белгилеген. Бирок азырынча бул маселе боюнча да так чечим кабыл алына элек.
Март айынын орто ченинде Россиянын армиясы Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Ал жакта жарандык-аскердик администрациялар түзүлүп, РФтин телеканалдары менен радиостанцияларынын уктуруулары берилүүдө. Крым менен соода байланыштар дагы калыбына келтирилип жатат. Эки аймак тең Россиянын курамына кирүү планын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын аскерлерин Запорожье облусуна туруктуу жайгаштыруу сунушталды