Жарым жылда чет өлкөлөрдө жүргөндөрдүн ичинен 292 кыргызстандык каза болду

Сөөктү алып келүү чыгымдарына деп маркумдун жакындарына 27 миллион 791 миң сом берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жарым жылдын аралыгында чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн 292 кыргызстандык каза болду. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
Маалымат үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 23-июнга чейинки мезгилге карата берилди.
Министрдин айтымында, бул сандар башка мамлекеттерде каза болуп, анын сөөгүн мекенине алып келүү чыгымдарына кетчү каражатты ТИМден сурап кайрылгандарга карап эсептелген. Ага ылайык, 292 маркумдун жакындарына 27 миллион 791 миң сом төлөп берилген.
Бийлик Чоң-Алайга 1500 памирлик кыргызды көчүрүп келүүгө белсенип жатат