Эмнеге шаардын чок ортосунда дагы эле суу жок? "Бишкек суу каналынын" түшүндүрмөсү

Буга чейин шаардык кызмат муздак суу түндө берилерин айткан. Бирок Бишкектин чок ортосунда жашагандар бир сутка бою суусуз отурушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Бишкек суу каналы" Sputnik агенттигине эмнеге шаардын чок ортосунда муздак суу берилбегенин түшүндүрдү.
Маалым болгондой, суу түтүгүндө түндө жасалчу күтүлбөгөн иштер чыгып калган. Оңдоо иштери 26-июль күнү саат 09:00дөн 00:00гө чейин жүрмөк. Эске салсак, муздак суу темир жол линиясы, Панфилов, Абдымомунов көчөлөрү жана Аламүдүн дарыясы менен чектешкен аймактарда өчүрүлгөн.
"Бишкек суу каналы" ишканасы эмне себептен шаардын борбордук бөлүгүндөгү айрым райондордо суу дагы эле чыкпай жатканын түшүндүрдү.

"Түндө сууну колдонгондор аз, крандар ачык калгандыктан аба пайда болуп, суу түтүктөр аркылуу өтө албай калган. Азыр жумушчулар атайын жабдуу менен абаны айдап жатышат. Борбордук райондордо суу 11:00гө чукул чыгып калышы ыктымал", — деди ишкана.

Суу чачып Бишкекти салкындатууга жардам берген атайын техника. Видео