Бишкекте бир нече көчө бир тараптуу болору күтүлүүдө. Тизме

Тизмеде төрт көчө көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы Бишкекте бир нече көчө бир тараптуу болорун айтып, алардын тизмесин жарыялады.
Көчөлөрдү бир тараптуу кылуу маселеси муниципалитетте өткөн штабдын жыйынында талкууланган.
Бир тараптуу болот турган көчөлөр:
Шопоков көчөсү. Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин түндүк тарапка гана жүрө алышат;
Панфилов жана Логвиненко көчөлөрүн толугу менен бир тараптуу кылуу каралууда (азыр кээ бир жерлери эки тараптуу);
Ашхабад көчөсү (Горькийден Кулатовго чейин) да бир тараптуу болушу мүмкүн, мэрия азырынча анын багытын аныктай элек.
Бишкекте 17 көчөнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылды. Тизме