28-июлга карата аба ырайы

27-28-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Мындан улам ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл жергесинин көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас менен Нарын жергесинде +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41, Ысык-Көлдө +29...+34 градус ысыйт.
Бул күнү Чолпон-Атада күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +37...+39, Ош калаасында +39...+41, ал эми Чолпон Атада +29...+31 градуска көтөрүлөт.
Кыргызстанда аптаптуу ысык дагы бир нече күнгө созулат