Жети-Өгүздө Ысык-Көлдү булгап жаткан мал союлуучу жай аныкталды. Видео

Союлган малдын кан-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агары, ал булганыч суу барып Ысык-Көлгө кошулары аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Саруу айылында сууну булгап жаткан мал союлуучу жай аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган жайды рейд учурунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери табышкан.
"Мал союлган жерди текшерүү учурунда калдыктардын бир бөлүгү, тагыраагы, союлган малдын кан-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агары, булганган ал суу барып Ысык-Көлгө кошулары аныкталган",— деп айтылат маалыматта.
Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин электрондук маалымат журналына катталган. Касапкананын 32 жаштагы ээсинин айтымында, мал союлчу жай эки ай мурда ачылган. Көбүнчө өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган, бирок калдыктардын бир аз бөлүгү касапкананын аймагына төгүлөт.
"Жакында эле суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткен", — деген касапкана ээси.
Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Ысык-Көлдүн суусуна башын шампундап жууган кызды милиция издемекчи