Жаңы жасалган вагон менен Балыкчыга каттаган жүргүнчүлөр. Видео

Люкс вагондун жол акысы 10 жашка чейинки балдар үчүн 250 сом, андан жогорку курактагыларга 500 сом.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын модернизацияланган вагону Бишкектен Балыкчыга чейин жүргүнчүлөрдү ташый баштады.
Видеодон модернизацияланган вагон менен Балыкчыга сапар алган жүргүнчүлөрдү көрүүгө болот. Маалым болгондой, вагондун ичинде телевизор, кышкы-жайкы кондиционер системалары, ошондой эле муздаткыч орнотулган. Заманбап шарты бар люкс вагон 51 орундуу. Жол акысы 10 жашка чейинки балдар үчүн 250 сом, андан жогорку курактагыларга 500 сом.
Бишкектен Балыкчыга каттаган поезддин убакыт-сааты жана билет баасы