Радио

Дарыгер: кош бойлуу аялдарда варикозго кабылуу тобокелчилиги 60%га жогорулайт

Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун акушер-гинекологу Сайкал Өмүрзакова бутту учкаштырып отуруу варикозду пайда кыларын айтты.
Sputnik
Варикоз же көк тамырлардын кеңейүүсү — эркектерде да, аялдарда да кездешүүчү кан тамыр оорусу. Бул ооруга туруп иштеген, аз кыймылдуу, ашыкча салмактуу жана тромбофилия менен ооруган адамдар чалдыгат. Ошондой эле варикоз тукум кууйт. Бул тууралуу Сайкал Өмүрзакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энеси варикоз менен жабыркаган адамдар жаш кезинен эле алдын алуу чараларын көрүп башташы керек.
"Кан тамырлар дене бөлүктөрүнүн бардыгында кездешкендиктен варикоз оорусу да түрдүү себептер менен дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, бутта, ички органдарда, ал тургай жыныстык органдарда да болушу мүмкүн. Бутту кайчылаштырып отуруу, дайыма ыңгайсыз бийик такалуу бут кийим кийип жүрүү варикозду пайда кылат. Кош бойлуу аялдар арасында варикозго кабылуу тобокелчилиги 60 пайызга жогорулайт. Андыктан балалуу болуунун алдында дарылануу сунушталат. Эгерде кош бойлуу кезде оору кыйнаса, анда төмөн молекулярдык гепарин, фраксипарин, клексан, фленокс уколун салмагына жараша алат. Муну дарыгер көргөндөн кийин жазып берет. Кош бойлуу айымдар ашыкча тамактануудан карманып, буттун кан тамыры, өзгөчө балтыр жак көөп калса ушалап же бутту өйдө асып 10-15 мүнөт жата турса да жакшы натыйжа берет. Варикоздо алгач кан тамыр жылдызчалары пайда болуп, кийин кеңейгенде буттар шишип, балтырлар уюп, көбүрөөк кыймылдап же көпкө чейин тике туруп калганда оору катуулайт. Жогорудагы белгилердин бири пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл", — деди Өмүрзакова.
Ал варикозду күчөтүп албоо үчүн көп кыймылдап, оор көтөрбөй, ыңгайлуу, кыспаган кийим-кече, бут кийим кийүү, мончого, саунага барбай туруу жана бутка жылуу жана муздак суу менен алмак-салмак контрасттык душ алып туруу керектигин кошумчалады.