БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Көйгөйлүү маселелердин бирин чечүү үчүн көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк негизде куруу жөнүндө жобо иштелип чыкты. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев билдирди.
Ага ылайык, курулуш компаниялары эми банкта атайын эсеп ачышат жана андагы каражаттар курулуштун ар бир этабын бүткөндө Мамкурулуш агенттиги текшерип ырастагандан кийин куруучунун (крмпания - ред.) эсебине которулат.
"Эми жарандар курулуш компаниясынын кассасына каражат төкпөйт. Депозиттик эсепке салып, жасаган ишине жараша каражат которуп турат. Аны биз көзөмөлдөйбүз. Алдыңкы бир кварталдын ичинде бул долбоорду ишке ашырууну пландап жатабыз", — деди Жетибаев.
Мындан сырткары, аткаминер "Көйгөйлүү объект – куруучу" деген түшүнүк киргизилерин белгиледи. Баардык керектүү маалыматтар Мамкурулуштун сайтына жайгаштырылат.
Ошондой эле бул жылы "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо", "Буу казандары", "Көп баатирлүү турак жай имараттары" сыяктуу улуттук курулуш нормаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштер аяктап калганын кошумчалады. План боюнча ушул жылдын ноябрь айында кабыл алынат.