Ташкентте Афганистан темасы талкууланды. Кыргызстан өкүлү көтөргөн маселе

Конференцияга 20 мамлекеттин делегациясы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун эксперттери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ташкентте "Афганистан — коопсуздук жана экономикалык өнүгүү" аталышындагы эл аралык конференция өткөнүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, конференцияга 20 мамлекеттин делегациясы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун эксперттери жана Афганистандын ТИМ, Финансы министрликтеринин убактылуу башчылары катышкан.
Иш-чаранын катышуучуларына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусу окулду. Анда мамлекет башчы Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү жалпы артыкчылык катары каралышы керектигин белгилеген.
Кыргыз делегациясын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков башкарып барган.
"Масадыков сүйлөп, Өзбекстандын Афганистанга жардам көрсөтүү боюнча демилгелерине жогору баасын берип, Афганистандагы кырдаалдын мындан ары өнүгүшү дүйнөлүк коомчулук жана региондогу мамлекеттердин аталган өлкөнү эл аралык укуктук талаага кайтарууга жардам береринен көз каранды экенин белгилеген. Ал дүйнөлүк коомчулукту азыркы афган өкмөтү менен конструктивдүү кызматташууга, элине саясий жана экономикалык жардам берип, террорчулукка каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүүгө чакырды", — деп жазылат маалыматта.
Конференциянын алкагында аймактык экономикалык долбоорлордун презентациясы болуп, аларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Садыр Жапаров: талибдерге карата биргелешкен жүрүм-турум линиясы болушу керек