Соцфонд төрагасы Алиев пенсияга чыгуу курагы жогорулатылбай турганын айтты

Жазында аялдардын пенсиялык курагын эки жылга узартуу сунушталган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев аялдардын пенсияга чыгуу курагы жылдырылбай, тагыраагы, жогорулатылбай турганын билдирди.
"Жаш курагы эч кандай өзгөртүлбөйт. Учурдагыдай эле аялдар — 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат", — деди Алиев.
Белгилей кетсек, жазында Социалдык фонд аялдардын пенсиялык курагын эки жылга узартууну (58 жаштан 60ка) сунуштаган. Бул коомчулукта талкуу жаратып, сын айткандар болгон.
5 эсе көп пенсия алышмак. Байсалов Соцфонд реформасын сындагандарга жооп берди