Бүркүт, илбирс жана кийик. Ошто фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар

Камера Кичи Алай тоо кыркаларынын урчугунда кишини кайдыгер калтырбаган сүрөттөрдү тартып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндөгү фотокапканга 15тен ашык жапайы жаныбарлар түшүп калган. Бул туурасында Жаратылышты коргоо боюнча Кыргызстандагы немец союзунун маалымат катчысы (NABU) Зарина Эсенбаева билдирди.
1 / 6

Кыргызстандын түштүгүндөгү фотокапканга 15тен ашык жапайы жаныбарлар түшүп калган

2 / 6

Анын айтымына караганда, 82 фото капканды NABU адистери жана Ош облусундагы Кыргыз-Ата жаратылыш паркынын аймагындагы, Ноокат, Араван, Үч-Коргон токой чарбаларында иштегендер менен биргеликте коюшкан

3 / 6

Бул жерлер деңиз деңгээлинен 2 800 метр бийиктикте турат жана Кичи Алай тоо кыркаларына кирет

4 / 6

Учурда 2 000ге чукул кадрдагыларды түргө бөлүп жана анализдеп чыгуу иштери жүрүп жатат

5 / 6

Келерки жылы калган 16 камера тартып калган материалдардын чогултулаарын айтышты

6 / 6

Кичи Алай кырка тоосу - Түштүк Теңир-Тоодо, Алай кырка тоосунун тармагына кирет

Анын айтымына караганда, 82 фото капканды NABU адистери жана Ош облусундагы Кыргыз-Ата жаратылыш паркынын аймагындагы, Ноокат, Араван, Үч-Коргон токой чарбаларында иштегендер менен биргеликте коюшкан. Бул жерлер деңиз деңгээлинен 2 800 метр бийиктикте турат жана Кичи Алай тоо кыркаларына кирет.
"Фото капкандар 2021-жылдын сентябрында коюлуп, 2022-жылдын май, июнь айларында алынган. Тилекке каршы, бийик тоолуу жердеги аба ырайынан улам 82инин 66сы гана тартып калыптыр. Анткени менен жыйынтык жаман эмес. Кадрдан илбирсти, тоо текелерди, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү, кашкулак, суур, бүркүт, улар, кекилик, коен жана башка дагы бир топ жаныбарларды көрүүгө болот", — деп айтып берген "NABU–Кыргызстан" мониторинг-бөлүмүнүн жетекчиси Жыргалбек Сагындыков.
Учурда 2 000ге чукул кадрдагыларды түргө бөлүп жана анализдеп чыгуу иштери жүрүп жатат. Келерки жылы калган 16 камера тартып калган материалдардын чогултулаарын айтышты.
Кичи Алай кырка тоосу - Түштүк Теңир-Тоодо, Алай кырка тоосунун тармагына кирет. Ноокат районунун аймагында. Исфайрам-Сай жана Ак-Буура сууларынын аралыгында батыштан чыгышты карай 78 чакырымга созулуп жатат. Туурасы 20 чакырым.
Кеминге барып, жапайы жаныбарларды кол жеткендей жерден көрө аласыз. Видео